Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 13-октябрында добуш берилген мыйзам долбоорлору

13-10-2016
15:50

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйам долбоорлоруна 1,2,3-окууларда добуш берилди.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 474 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.07.16дагы № 416 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Пирматов И.А., Джакупова Ч.И., Жапаров А.Ү., Сулайманов А.Т., Бакиров М.И.);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Мамлекеттик башкарууну жана атаандашууга жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо боюнча программалык операцияны) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.09.16дагы № 492 токтом);

- “Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.08.16дагы № 441 токтом);

- “Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 476 токтом);

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы “Билим берүү секторун реформалоого контракт” (DCI-ASIE/2015/037-809) программасы боюнча финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.08.16дагы № 467 токтом);

ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.02.16дагы № 59 токтом);

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы