Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мал жандыктарын идентификациялоо иштери ыкчамдашы керек

13-10-2016
16:22

Мындай пикирин билдирип депутаттар Абылкайым Узакбаев менен Рада Туманбаева бүгүн, 13-октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болушту.

“Мал жандыктарын идентификациялоо багытында кабыл алынган мыйзамдын эмдигиче ишке ашпай жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. ЕАЭБ курамына киргенде да бул багытта аткара турган иштер ошол уюмга мүчө мамлекеттер менен тең катар жүрүш керек эле. Тилекке каршы андай жылыштар да байкалбайт”,- дейт депутат Абылкайыр Узакбаев бүгүн, 13-октябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.  

Ошондой эле депутат  Казакстанда идентификация иштери жакшы жолго коюлгандыгын да бир топ мисалдар менен бышыктады. “Биздеги идентификация процессинин жанданбай жатышына Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Айыл чарба министрлигинин эмес, Өкмөттүн алдында турушу, Айыл чарба жана мелиориация министрлигинин башка бир жээкте турушу минтип иштин создугушуна себеп болуп жаткандай?” – дейт.

“Өкмөттөн биркаларды даярдоого деп 40 млн.сом бөлүнүп берилген. Бирок ал кайтарымдуу шарт менен колдонула турган каражат. Аны малдын ээси биркаларды сатып алуу жана ветврачка төлөгөн кызмат акысын кошуп, кайра жабат деген сөз”,- деп түшүндүрдү А.Узакбаев.

Эл өкүлү андан тышкары,- “Ушунча каражатка бирка сатып албай эле, бирка чыгаруучу завод куруу балким, максатка ылайыктуу”,- деген сунушту да көтөрдү.

Депутат Рада Туманбаева,- “Малга  биркаларды кантип тагуу керек? Андагы маалыматтарды тактоо шарттары. Мунун бардыгы дасыккан адистердин аткара турган жумушу. Бирок, ошол кадрларды даярдоого келгенде  окутуу иштери жетиштүү жүрбөй жатат”,- дейт.

Ошондой эле ал, - идентификация иштери адегенде атайын пилоттук райондор катары тандалып алынган Ысык-Ата, Кара-Буура жана Ноокат райондорунда жүргүзүлөөрүн да кошумчалады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы