ЖАҢЫЛЫКТАР 19.02.20.

19-02-2020 09:34

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Сауд Арабия Королдугундагы расмий иш сапарынын алкагында Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар туризм, инвестиция тартуу жаатында байланыштарды бекемдөө менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө тиешелүү мыйзамдык колдоону күчөтүү тууралуу сүйлөшүштү. Белгилей кетсек, Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Бүгүн, 19 – февралдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексине кошумчалануучу өзгөртүүлөргө да экинчи окууда көңүл бурулат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтом долбоору кароого чыгат.

Республика боюнча 389 мектептин 125и атайын эсеп ачууну суранышууда. Анда камкордук кеңештеринин ыктыярдуу каражаттары белгилүү бир көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат. Мисалы, мектеп чатырын оңдоого, же компьютердик жабдыктарды сатып алууга жана башка муктаждыктарга бөлүштүрүлөт. Бул иштердин бардыгы “Ачык бюджет” долбоорунда таасын көрсөтүлгөн, - дейт КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова тармактык комитеттин жыйынында. 

                   СНХ.Н.ЖУСУПБЕКОВА

Мектептердеги каражат жыйноонун мыйзамдуулугу канчалык? Бул суроону тармактык комитеттин кароосуна алып чыккан депутат Кенжебек Бокоаев, - “Тиешелүү министрликтин буйругуна таянсак, мектептерде акча жыйноого жол берилбейт. Айылдагы мектептерде каражат каатчылыгы байкалбай эле иш оңунан кетип жатат. Анда шаар жергесиндеги мектептердин иштөө ыкмасын деле иреттеп алса болот”, - дейт.

                   СНХ.К.БОКОЕВ

Тармактык комитеттин төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекова райондук билим берүү башкармалыктарынын 20 – 25 жыл ээлеп алган жеке басар жетекчилеринин да кызмат ордун карап, ротациялоо зарылчылыктарына токтолду.

                   СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Мектеп директорлорунун ротациясын да карашыбыз керек, - деген сунушту кезегинде депутат Тазабек Икрамов көтөргөндүгүн белгиледи.

                  СНХ.Т.ИКРАМОВ

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19 - февралда  Ысык – Көл областынын кээ бир райондорунда гана кар жаабаса, калган региондордо жаан – чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы сеундасына 4 – 9, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: -1...+4 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад: +3...+8, Ысык-Көл: 0...+5  градус жылуу болот. Нарын: -1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19 – февралда  жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +2...+4 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 148

Окшош жаңылыктар