ЖАҢЫЛЫКТАР 20.02.20.

20-02-2020 08:22

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарында расмий иш сапары менен жүрөт. Федералдык улуттук кеңештин Төрагасы Сакр Гобаштын чакыруусу менен уюштурулган расмий иш сапардын алкагында бир катар маанилүү жолугушуулар өтүп, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкуулананат. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин делегациясы Сауд Арабия Королдугунда расмий иш сапары менен болгон.  

Бүгүн, 20 – февралда өтүүчү Жогорку Кеңеш  жыйынында “Ар кандай маселелер” саатынан соң,  Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү болот. Тактай келгенде, бул ирет Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров салтанаттуу түрдө ант беришет. Бир катар мыйзамдардын өзгөртүүлөрүнө көңүл бурулуп, ратификациялык мыйзам долбоорлору талкууланат.

“Банктарда насыя алуучулар тууралуу терс маалыматтар 7 жылдап узакка сакталбашы керек. Болбосо, бул жарандардын нааразылыгын жаратат”, - дейт депутат Элвира Сурабалдиева тармактык комитеттин жыйынында. Эл өкүлүнүн айтымында, - бул “кара тизмеге” кирген жарандын жеке тагдырына терс таасирин тийгизбеши керек.  

                      СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Жол сапатын сактап калууда коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо керек. Антпесе, насыя алып курган жолдорубуз өз мөөнөтүнө жетпей иштен чыгып калат. Оор жүк ташуучу унааларды таразага тартуу талаптары катуу тартип менен жүргүзүлбөсө, алган насыябыздан, же курган жолубуздан кол жууп калуу коркунучу бар, - дейт бул багытта Бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү сунуштап олтурган депутат Марлен Маматалиев.

                      СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Депутат Улукбек Ормонов жол сапатына эмес, каражат капчыгына ыктаган кызматкерлердин жоопкерчиликтерин карап, кадрлык курамды кайра жаңыртпаса болбой калды, - дейт жемкорлукка жол берип жең ичинен жымыргандар тууралуу сөз кылып.

                     СНХ.У.ОРМОНОВ

Депутат Уланбек Примов, - “Жүк ташууда темир жол, аба транспорттору автожолдорду жеңилдетүүгө кол кабыш кыла алабы, эгер ошондой болсо анда канча пайызын автоунаалардан тышкаркы транспорттор менен ташууга болот?” – дейт.

                     СНХ.У.ПРИМОВ

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 - февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3 - 8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+3...+8, Ысык - Көл:+1...+6, Талас:+2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+4...+9 градус жылуу болот.  Нарын: 0-5, бийик тоолуу райондордо -5-10 градус суук. Бишкек шаарында бүгүн, 20 - февралда  кар жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3 - 8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6…+8 градуска чейин жылыйт.

 

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 196

Окшош жаңылыктар