Жогорку Кеӊеште «Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Бул борбор Европа бирлиги, Орусия, Жапония, АШК тарабынан тынчтык максатта КМШ өлкөлөрүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм болуп саналат. Кыргызстан ага 1995-жылы кошулган. Ошондон бери кыргыз окумуштуулары 300 илимий долбоор сунуштап, 101 долбоорго 28 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
Ошондон улам, Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде кыргыз окумуштууларынын жаӊы илимий изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
КР ЖК Басма сөз кызматы