ЖАҢЫЛЫКТАР 21.02.20.

21-02-2020 08:25

Мамлекетибиздин Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, парламентке келип, жаӊы дайындалган өкмөт мүчөлөрү Эркин Асрандиевдин, Акрам Мадумаровдун жана Замирбек Аскаровдун расмий ишке киришүүдөгү салтанаттуу антын кабыл алды. Өз сөзүндө өлкө башчысы аларга зор ишеним жана чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салды.

                                СНХ.С.ЖЭЭНБЕКОВ

Калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы мыйзамдардын, атай келгенде Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери, Мамлекеттик жөлөкпулдар ж.б. укуктук – ченемдик актылардын аткарылышы “Республика – Ата - Журт” фракциясынын бүгүнкү, 21 – февралдагы жыйынында каралат. Иш чарага Вице – премьер – министр А.Өмүрбекова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри - У.Кочкоров чакырылды. Ошондой эле бул жолку олтурумунда фракция өкүлдөрү автомобиль жолдорун жакшыртуу долбооруна кошумчаланып жаткан сунуштарды да талкуулайт.

Бүткөрүлүшү мөөнөтүнөн создугуп жаткан жол курулуштары тууралуу маселе көтөргөн депутат Төрөбай Зулпукаров, - “Тендерден утуп, курулуш үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган компаниялар ортосунда макулдашылган келишимдер боюнча иликтөө иштери жүрүшү керек”, – деди.

                               СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Үч адамдын өмүрүн алган окуяны эске алганда, соңку мезгилде эле “Кумтөр” алтын кенинде эки жолу авария катталды. Бирок, бул каргашалуу көрүнүштүн себептери эмдигиче тактала элек. Буга жергиликтүү тургундар тынчсызданууда, - дейт депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңеш жыйынында.

                              СНХ.М.САБИРОВ

 “Республикадагы эркин экономикалык аймактардын арасында Баткендеги абал гана арга түгөтүүдө. Себеби, ал жакка инвесторлорду тартуунун ордуна орунсуз иштерге оролгон сот процесси басаңдабай койду. Бул эмнеси?” – деди депутат Таабалды Тиллаев.     

                             СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

“Улуу жеңишти камсыздаган ардагерлердин учурда ашып кетсе 220дайы эле калды. Мамлекеттин эсебинен аларга 15 млн 400 миң сом карап, ар бирине 70 миң сомдон тапшыруу керек”, - дейт депутат Дастан Бекешев парламенттин кечээки олтурумунда.

                            СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21 - февралда   жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй,  Талас:+10…+15; Ош, Жалал-Абад, Баткен: +11…+16, Ысык-Көл:+ 4…+9 градус жылуу болот. Нарын: -2…+3 градуска чейин жылыйт. Бийик тоолуу райондордо  -3…-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 21 - февралда жаан жаабайт. Абанын температурасы +11...+13 градус жылуу.

Көрүүлөрдүн саны : 217

Окшош жаңылыктар