Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Чыныбай Турсунбеков КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшань менен жолугушту

14-10-2016
12:50

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарына расмий иш сапары менен барып, “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл” форумуна катышышты.

 Форумга келген бардык эл аралык делегациялардын башчыларын тосуп алып жаткан КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшань Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен да жолугушуп,  өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык алакалар тууралуу баарлашышты.

 Кезегинде Төрага Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 67 жылдыгы менен Лю Юньшанды куттуктап: "Кытай коммунисттик партиясынын акылман башкаруусунун аркасы менен Кытай Эл Республикасынын экономикасы бүгүнкүдөгүдөй ийгиликтерге жетишип, космосту да багынтуу менен дүйнөдө өзгөчө орунду ээлеп келет",- деди. 

Ошондой эле КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу аталышындагы форумдун күндүн маанилүү маселелерин талкууга алган салттуу аянтчага айланганын белгилеген Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстан Кытай эл Республикасынын стратегиялык өнөктөшү катары КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир Муун - Бир Жол" демилгесин толук колдойт. Өлкөлөрүбүздүн бир географиялык аймакта жайгашкандыгы Кытай тараптын бул демилгесин толук кандуу ишке ашырууда шериктеш болуусуна шарт түзөт" - деп билдирди.

 Андан тышкары, ушул жылдын сентябрь айында Ханчжоу шаарында өткөрүлгөн "Чоң жыйырмалык" Саммитинин жемиштүү жыйынтыкталганына токтолгон Төрага: "Саммитте кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда "Глобалдык экономикалык башкаруудагы жаңылануулар - саясий партиялардын орду жана таасири" деген тематикада өткөрүлүп жаткан  бүгүнкү форумду алгачкы ийгиликтүү кадам катары караганыбыз оң",- деди. "Ал эми саясий партиялар коомдун ар кандай катмарынын кызыкчылыктарын коргоого алган негизги структура болот",- деген Чыныбай Турсунбеков: "Саясий партиялар жана бардык өлкөнүн саясатчылары дүйнөдөгү глобалдык жаңылануулар ар бир өлкөнүн кызыкчылыгы менен тыгыз байланышта экенин түшүнүшү керек",- деп билдирди    

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы