Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстан ачык жана конструктивдүү кызматташтыкты колдойт

14-10-2016
13:08

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарына расмий иш сапары менен барып, “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл” форумуна катышышты.

 Форумда сөз сүйлөгөн Төрага аталган иш-чаранын маанисине токтолуп: "Бул форум өлкөлөр ортосундагы алакалардын жакшырышына шарт түзүү менен бирге мамлекеттердин өз өнүгүү жолун өзү тандап алуусун колдоого алып, ачыктыктын жана маданияттар аралык байланыштын кеңейишине көмөкчү болууда. Айрыкча бүткүл дүйнө үчүн Кытай тууралуу толук маалымат алууга жана Коммунисттик партиянын өзгөчөлүгү, анын көтөргөн демилгелери менен жакындан таанышууга дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деди.

 Ошондой эле аталган форумдун дүйнөлүк экономикалык абалга баа берүүдө жакшы аянтча болуп берерине ишенерин айткан Чыныбай Турсунбеков: "Дүйнөдөгү экономикалык кырдаалдардан чыгуунун бирден бир жолу жаңы инновациялык реформаларды ишке ашырууда жатат. Бул жааттан алганда ушул жылдын сентябрь айында Ханчжоу шаарында өткөрүлгөн "Чоң жыйырмалык" Саммитинин экономикалык реформаларга багытталган чакырыктарын белгилей кетүү керек. Тагыраагы, самиттин алкагында көтөрүлгөн саясий алакаларды жакшыртуу жана өнүгүүнүн заманбап инновациялык моделин табуу, өз ара байланышта өнүгүү, ошондой эле, глобалдык экономикалык башкаруудагы жаңылануулар - саясий партиялардын орду жана таасири  тууралуу маселелер "Чоң жыйырмалыкка" кирген өлкөлөрдүн азыркы экономикалык абалга жакшы көңүл буруп жатканын далилдейт", - деди.  

 Мындан тышкары, Борбордук Азиядагы мамлекеттер дүйнөлүк океанга чыга албагандыгы менен транспорттук-коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө кызыктар деген Төрага: "Кыргызстан евразиялык коммуникациялардын  кездешкен жеринде жайгашкандыктан, Жибек жолундагы экономикалык алкактын курулушуна жакшы баа берүүдө. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев биринчилерден болуп аталган демилгени колдоого алган",- деди. 

 Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирикменин мүчөсү катары башка мамлекеттер менен болгон алакаларды кеңейтүүнү жактайт деп билдирген Чыныбай Турсунбеков: "ЕАЭБ 180 миллион калкы бар бирдиктүү базарды түзгөн интеграциялык долбоор. Ошону менен катар ЕАЭБ Европа жана Азиянын экономикасын айкалыштырган Кытайдын белгилүү "Жибек жолундагы экономикалык алкак" долбоору менен да кызматташууда. Бул албетте эл аралык саясий жана социалдык мамилелерди өнүктүрүү менен катар географиялык алкактагы кызматташтыкты жакшыртууга көмөкчү болот",- деп белгиледи.

 Андан тышкары, Кытай менен Кыргызстандын өз ара саясий-экономикалык алакаларына саресеп салган Төрага: "Биз достук мамилени чыңдоого кызыктарбыз. Анткени Кыргызстан ачык жана конструктивдүү байланышты улантуу менен аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эска алган кызматташууну колдойт",- деди.

 Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы