Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаттары Москва шаарында Мамлекеттик Думанын депутаттары менен жолугушту

28-02-2020
10:41

27-февралда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Канатбек Исаев, Тынчтыкбек Шайназаров, Марат Аманкулов, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков и Гульнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушту.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине барган Президент Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын алкагында уюштурулган.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү жана Эриш-аркак жылынын алкагында бир катар маданий-гуманитардык иш-чараларды биргелешип өткөрүү маселелерин талкуулашты.    

Депутаттар эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешип, Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын уюштуруу багытындай ойлору менен бөлүштү.  

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземине күбө болушту.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы