«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык жана башка маселер тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматын укту.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын маалыматы боюнча 2016-жылдын 11-декабрындагы жергиликтүү кеңештеринде болуучу шайлоодо 49 аймактык, 1932 тилкелик шайлоо комиссиялары иш алпарат. Бул шайлоо комиссияларында жалпысынан 20 миңге чукул адам иштейт. Шайлоо 411 кеңеште өтөт. “Алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүгү жаңы технологиялардан башка талапкерлерди каттоо процесси аймактык шайлоо комиссияларында өтөт. Парламенттик шайлоодо каттоо процессин Борбордук шайлоо комиссиясы алпарса, аймактык шайлоо комиссиялары ошол талапкерлер менен иштейт. Албетте, бул оор жүк. Бирок БШК мыйзам боюнча ылдый турган комиссияларга жардам бериши керек. Бул багытта методикалык, уюштуруу түзүмү кабыл алынды. Бул ыкчам реакция жасоого өз натыйжасын берет”,- дейт Н.Шайлдабекова. Ошону менен катар БШК төрайымы каржылык смета дагы бекитилгендигин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 218 миллион сом каражат каралганын, быйыл ар бир аймактык шайлоо комиссия үчүн дифференциалдуу смета түзүлгөндүгүн кошумчалады.
Талкуунун жүрүшүндө шайлоо кампаниясына старт берилгендиктен улам учурда Жогорку Кеңеш кабыл алган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу бир катар мыйзамдардын күчүнө кириши кечигери белгилүү болду.
Мындан сырткары, жыйынга катышып отурган КР Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого колдонулуучу урналардын келишимди тикелей түзүү ыкмасы менен сатылып алынышында Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам талаптары бузулбагандын баса белгиледи. Мындай пикирди БШК төрайымы Н.Шайлдабекова дагы кубаттады. Бир катар депутаттар бул жагдайдын мыйзамдуулугун КР башкы прокуратурасы дагы карап чыгышы керек ойлорун ортого салышты.
Мындан сырткары, фракция мүчөлөрү алдыдагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоону БШК калыс, ачык-айкын өткөрөт деген каалоолорун билдиришти.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы