Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Чыныбай Турсунбеков: «Кыргызстан-Кытай кызматташтыгы түбөлүк»

14-10-2016
21:10

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин өкүлдөрү Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарында өтүп жаткан “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл”  форумуна катышып жатып, КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшань менен жолугушту. 

Жолугушууда Кыргызстан менен  Кытайдын саясий-экономикалык алакалары талкууга алынып, тараптар социалдык-маданий кызматташтыктын келечектүү багыттары тууралуу да сүйлөшүштү. 

Андан тышкары парламенттер аралык байланыштар да эки өлкө ортосундагы достук мамилени чыңдоого көмөкчү болорун белгилеген Чыныбай Турсунбеков, 2013-жылы эки өлкө парламенттери кызматташуу жөнүндөгү Меморандумга кол коюшканын эске салды. 

Ошондой эле, Кытай Өкмөтүнө өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан берки көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын айткан Төрага: "Кытай менен Кыргызстан шериктеш өлкө катары достук келишимине кол койгон 2002-жылдан бери кызматташуусун тынымсыз улантып келет. Азыр да эки өлкө ортосундагы достук мамиле сакталып, саясий пикир келишпестик жок",- деди. 

Кытайдын терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге карата жасаган күрөшүн Кыргызстан дайым колдоого аларын билдирген кыргыз делегация башчысы, соода-экономикалык алакаларды да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолуп: "КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин демилгелеген "Жибек жолундагы экономикалык алкак" долбоору мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланышты жакшыртууга жакшы шарт түзөт", - деп белгиледи.  

Ал эми эки өлкөнүн тыгыз кызматташуусунун аркасында бир топ стратегиялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын айткан Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Биз "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолун салууга, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого жана "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн ишке киргизүүгө жасап жаткан жардамы үчүн Кытай мамлекетинин жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз", - деди. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда бардык тараптын сунуштары да эске алынарына ишеним артарын кошумчалады.  

Өз кезегинде КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшань КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин 2013-жылы Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу  Кытай тарап үчүн да маанилүү максат экенин белгилеп: "Биз парламенттер аралык байланышты жана партиялар менен болгон алакаларды да өнүктүрүүгө басым жасашыбыз керек", - деп билдирди. 

Ошондой эле Лю Юньшань Кытай мамлекети экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө да кызыктар экенин билдирип: "Биз мамлекеттик кызматкерлерди бири-биринен тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүү менен жаш кадрларды мамлекеттик иштерге тартуу боюнча алгылыктуу иштерди жасашыбыз керек. Себеби эки өлкөнүн тең келечеги билимдүү жана тажрыйбалуу жаш кадрларга көз каранды", - деди.  Мындан тышкары, жолугушууда маданий алакалар тууралуу сөз болуп, тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыктын азыркы абалына да токтолушту. Айрыкча, Кытайдын жогорку окуу жайларында окууну каалаган кыргыз студенттери үчүн берилген квоталардын көбөйтүлгөндүгү илимий-тажрыйбалык ийгиликтерди багынтууга шарт түзөт деп белгилешти. 

Эл аралык саясий кырдаалга да саресеп салган тараптар БУУнун жана ШКУнун алкагында да байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгын колдоого алуу тууралуу сүйлөшүштү. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы