Жогорку Кеӊештин Айым депутаттар форумунун мүчөлөрү 14-15 октябрда эки күндүк семинар өткөрдү. Бул иш-чара Вестминстер фондунун Кыргыз Республикасындагы демократия үчүн өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен уюштурулду. Семинардын ишине Жогорку Кеӊештин депутаттары менен аппарат кызматкерлери, Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий партияларынын өкүлдөрү катышты.
Айым депутаттар форумунун жетекчиси Элвира Сурабалдиева Вестминстер фондунун өкүлчүлүгүнө саясий партиялардын катышуусунда гендердик маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Жогорку Кеӊештин 2006-2007-жылдардагы чакырылыштарынын курамы өӊчөй эркек депутаттардан турганын эсе салып, азыр кыргыз парламентинде 21 аял депутат иштеп жатканын белгиледи. анын айтымында, мындай ийги нерсе гендердик квотанын аркасында жетишилди. Депутат депутат айымдар социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине өзгөчө көӊүл бура турганын айтты.
Депутат Рада Туманбаева мындай иш-чаралар парламентаризм салттары өнүккөн Улуу Британиянын жетишкен тажырыйбасына таянуу менен, өлкөдөгү социалдык маселелерди чечүүнүн жаӊы жолдорун иштеп чыгууга түрткү берерин кошумчалады. Ошондой эле, депутаттар Наталья Никитенко менен Айнуру Алтыбаева партиялык иште аялдардын ээлеген орду жаатында атайын баяндамалар менен чыгып сүйлөдү.
Иш-чара жүрүшүндө Улуу Британия парламентинин Аялдар форумунун иш-тажырыйбасы, аялдардын партиялык иштеген ролу тууралуу өз ара пикир алышышты. Андан сырткары, Жогорку Кеӊештин Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн, Илимий-изилдөө борборунун ишин жакшыртуу чаралары талкууланды.
КР ЖК Басма сөз кызматы