Депутат Кожобек Рыспаев: «Мамлекет ичинде «профсоюз» аттуу мамлекет пайда болуптур, миллиондогон акчаларды каалагандай чачып, чыр-чатактан башы чыкпай келет»

18-03-2020 10:41

Мамлекет ичинде, так Ак үйдүн жанында жайгашкан «профсоюз» аттуу мамлекет пайда болуптур. Ар кандай амалдар аркылуу карапайым адамдардан чогултулган миллиондогон акчаларды каалагандай чачып, элдин мүлкүн өз билгениндей сатып, көп жылдардан бери чыр-чатактан башы чыкпай келет. Алар азыртан тизгинделбесе, анын акыры жакшылыкка алып келбейт. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Профсоюз уюмуна карапайым эмгекчилер жыл сайын ири көлөмдөгү каражаттарды чогултуп берет. Андан тышкары, коомдук уюм экенине карабастан, бюджеттен да чоң өлчөмдөгү каражат алат. Мисалы, 2019-жылы эле эмгекчилерден 222 млн 900 миң сом чогултулган. Депутаттык комиссия текшерип чыкты, кай жагынан караба, жалаң ичип-жемейлер чыгат. Совет доорунан калган мүлктүн көбү сатылып бүтүптүр. Бир сөз менен айтканда, ал жерде карапайым калктын камын ойлогон адам жок», - деди Кожобек Рыспаев.

Депутат Профсоюз уюмунан ден-соолук чыңдоо жайларына жолдомо алган адамдардын басымдуу бөлүгү аларга каражат топтоп берген карапайым эмгекчилер эмес, өңчөй сот, ИИМ, прокуратура, соцфонд, соцкоргоо сындуу мамлекеттик органдардын аткаминерлери экенин, ошондон улам уюмдун жетекчилерине карата козголгон кылмыш иштери жылбай жатканын айтты. Абал көзөмөлдөн чыгып калды, мамлекеттик бийлик бул маселеге көңүл буруп, акыбалды жөнгө салышы зарыл.

«Элдин ырыскысын жеп-ичкени аз келгенсип, эми өз изин жашырууга далалаттанган немелер кайдагы бир "обончуларды" жалдап алып, күнүгө чатак салат. Мыйзамсыз аракеттерге каршы чыккан жаңы жетекчисин кызмат ордуна киргизбей, кулпусун алмаштырып, документтерин тартып алып, кадимки баскынчылык аракеттерди жасай баштады. Эң кызыгы, мына ошол профсоюздук уюмдун кеңешине мүчөбүз деген 29 адам профсоюзга тиешеси деле жок коомдук бирикмелердин өкүлдөрү болуп чыкты», - деп өз сөзүн жыйынтыктады депутат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1210

Окшош жаңылыктар