Өкмөткө коронавирус (Covid-19) илдетине каршы аракетти күчөтүп, анын жайылышына жол бербөө жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди

19-03-2020 14:31

Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулуп, анын жыйынтыгында токтом кабыл алынды. Өкмөткө коронавирус илдетине каршы аракеттерди күчөтүп, анын жайылышына жол бербөө, калкты дары-дармек жана азык-түлүк менен өз маалында камсыз кылуу, тартип жана жоопкерчилик чараларын катуулатуу, чек арадан өткөн жарандарга көзөмөлдү күчөтүү жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

Премьер-министрдин айтымында, коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб түзүлүп, жугуштуу илдеттин алдын-алуу жаатында бир катар иштиктүү чаралар көрүлдү. «Буга чейин чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды алып келүү, алар үчүн медициналык байкоо жайларын түзүү, илдетке шектүү адамдарды обочодо кармоо жумуштары жасалды. Азыр 3 адамдын илдет жуктуруп алганы аныкталды, ал эми 386 киши карантинде турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле, мамлекеттик органдар менен мекемелер күнү-түнү үзгүлтүксүз иштөө режимине өтүп, калкты тийиштүү дары-дармектер менен камсыз кылуу, азык-түлүктөрдү даярдоо жана корун түзүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чаралары көрүлүп жатканы белгилүү болду. «Жугуштуу илдеттин алдын-алуу үчүн эмне кылуу керек: тартипти сакташ керек, адистерди угуш керек, ден-соолукка кам көрүш керек!»,- деп кошумчалады өкмөт башы.

Депутаттар өкмөт мүчөлөрүн, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерин, жалпы эле жарандарды коронавирус илдети жөнүндөгү ар кандай айың кептерге ишене бербей, сабырдуу болууга, башаламандыкка жол бербей, тартипти сактоого, илдеттин алдыналуу чараларына жоопкерчиликтүү мамиле жасап, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Жогорку Кеңеш бул багытта Өкмөткө жакындан жардам берүүгө даяр.

Андан тышкары, журт башына кыйынчылык түшүп турган кезеңде калк арасын козуткан, учурдан пайдаланып пайда табууну көздөгөн, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга кайдыгер мамиле жасаган, коронавирус илдети жөнүндө жалган маалыматтарды тараткан жактарга карата катаалдаштырылган жоопкерчилик чараларын колдонуу, алтургай, кылмыш иштерин козгоо зарылдыгы жөнүндө сөз жүрдү.

Депутаттардын пикиринде, коронавирус илдетине байланыштуу келип түшкөн маалыматтардын баарын жеринен иликтеп чыгып, аларды чечүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүүгө тийиш. Дүйнөлүк апаатка айланган мындай кырсыкты жалпы элдин бирдиктүү аракети, журт ичиндеги ынтымак, бекем тартип, чоң жоопкерчилик, ар адамга аяр мамиле жасоо аркылуу гана жеңүүгө болот.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, жугуштуу коронавирус (Covid-19) илдети дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылды. Анын кесепетинин 8 миң адам набыт болгон. Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 3 адам катталды. Алардын баары Сузак районунун тургундары болуп саналат. Ал аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, илдеттин жайылышын алдын-алуу чаралары көрүлүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1117

Окшош жаңылыктар