Жогорку Кеӊештин 2020-жылдын 19-мартында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

19-03-2020 17:53

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2 - окууларда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору.Демилгечи – Өкмөт, 29.10.19дагы № 581 токтом.

- “2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору.Демилгечи – Өкмөт, 31.12.19дагы № 740 токтом.

-“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Турускулов Ж.К., Шайназаров Т.У., Тиллаев Т.Г., Алтыбаева А.Т., Карашев А.А., Өмүркулов И.Ш., Сыдыгалиев Н.Ө., Чойбеков Р.Н., Сыдыков Б.У., Абдылдаев М.Ю., Керезбеков К.К.

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

-“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 19.11.19дагы № 610 токтом.

-“Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору.Демилгечилер – депутаттар Кыдыралиев У.Т., Касымалиева А.К., Маматалиев М.А., Жеенчороев М.К., Дюшалиев А.К., Токтошев Э.Т., Мавлянова М.Э.,
Конушбаев Т.К., Келдибаев С.А., Тотонов Н.Т., Рысалиев З.К., Жоробеков Т.У., Баймуратов К.Ш.

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Пирматов И.А.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3586

Окшош жаңылыктар