Жогорку Кеңештин депутаттары 23-27-март аралыгында калк арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимине келди

19-03-2020 17:59

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 23-27-март аралыгында өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, жугуштуу коронавирус илдети (Covid-19) дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылды. Анын кесепетинин 8 миң адам набыт болгон. Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 3 адам каталды. Алардын баары Сузак районунун тургундары болуп саналат. Ал аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, илдеттин жайылышын алдыналуу чаралары көрүлүүдө.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 5227

Окшош жаңылыктар