ЖАҢЫЛЫКТАР 20.03.20.

20-03-2020 09:12

Жогорку Кеңештин кечээ, 19 – марттагы олтурумунун басымдуу бөлүгү дүйнөнү дүрбөлөңгө салган апааттуу илдеттин жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларды талдоого арналып, Өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынтыгында парламенттин атайын токтому кабыл алынды. Бул дээрлик бир ай мурда башталган иштин жыйынтыгы, - деди Төрага Дастанбек Жумабеков өзүнүн сөзүндө.

                          СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Кеселден коргонуунун бир ыкмасы бет кап тагынуу, - деген менен алардын жасалма тартыштыгы катталып, 3,5 млн. бет кап 3 күндө таланып кеткен. Кала берсе, алардын айрым бөлүгү катылып, кызыл кулактардын кампасында кала бергендигин Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ачыктады.

                           СНХ.М.АБЫЛГАЗИЕВ

Кырдаалдын курч чордонунда иштеген ак халатчандардын айлыгын керек болсо 2 – 3 эселеп көтөрүү жагын сунуш кылган депутат Алтынбек Сулайманов медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттерин да ишке тартуу зарылчылыгы жаралса, кадам кандай болооруна кайрылды.

                          СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Депутат Аалы Карашев дарыгерлер менен катар эле көңүл борборунда турган мугалимдер менен балдар бакчаларынын адистеринин коопсуздугун да кошо ойлосок, - дейт.

                          СНХ.А.КАРАШЕВ

Азыркы абалдан чыгууда бир гана адистер эле эмес, алардын ишине жардамчы болгон каражаттар да көңүл бурууну талап кылат. Мисалы, күйүүчү – майлар менен камсыздоо милдети. Дүйнөлүк баа арзандаган менен сатыктагы баа салмактуу бойдон кала берүүдө, - дейт депутат Эмиль Токтошев.

                         СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Жогорку Кеңеш депутаттары 23 - 27- март аралыгында региондорду кыдырып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү. Бул багытта парламенттин токтому кабыл алынды.

Бүгүн, 20 – мартта көпчүлүк коалиция жыйын куруп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019 – жылдагы отчетун угат. Иш чараны “Парламент” радиосу түз алып уктурат.

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 - мартта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9  метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+16...+21, Ысык – Көл, Нарын:+10...+15, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+19...+24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 20 - мартта  жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9  метрге чейин жетет. Абанын температурасы +19…+21 градуска чейин жылыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 261

Окшош жаңылыктар