Депутат Марлен Маматалиев: «Көптөгөн жарандарыбыз Кыргызстанга кайтып келе албай турат. Ошолордун абалы кандай болот, Өкмөт тезинен так жообун бериши керек»

20-03-2020 12:37

Азыркы учурда ар кандай себептерге байланыштуу чет өлкөдө жүргөн көптөгөн кыргыз жарандары Кыргызстанга кайтып келе албай, өтө кабатырланып турат. Аларды чет өлкөлүктөрдүн өздөрү деле өгөйлөп жаткан чыгар. Ошондой акыбалга кабылган адамдардын андан аркы абалы кандай болот, Өкмөт тезинен так жообун бериши керек. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коализациясында Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Премьер-министр Казакстан Нур-Султан жана Алматы шаарларына өзгөчө кырдаал жарыялап, чек арадан бир дагы адам кирбейт дагы, чыкпайт дагы дегендей чечим кабыл алып койгондуган байланыштуу ал жердеги кыргыз жарандарын чыгарып кетүү создугуп жатканын белгиледи. «Ырас, жардам сурап кайрылгандар арбын. Биз ошол өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшүп жатабыз, эми алар он чакты адам үчүн өз чечимин дароо өзгөртпөйт экен да, бирок чечүүгө аракеттенебиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанга кайтууну көздөгөн кыргыз жарандарынын келишин экиге бөлүп караш керек: авиакатам менен келе тургандар жана автоунаа менен кайта тургандар. «Өзүңүздөр жакшы билесиз, азыр көптөгөн авиакаттамдар токтотулуп, чек аралар да жабылып, жолдор тосулууда. Ошого карабастан, биз сүйлөшүүлөрдүн негизинде, Казакстандын аймагында калган 180 адамды автоунаа менен алып келгени турабыз», - деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов Москва-Бишкек аба каттамы токтотулгандыктан, азыр Москванын аэробекетинде 300 кыргыз жараны Кыргызстанга уча албай, жардам сурап кайрылып жатканын билдирди. Өкмөт башы алардын учалбай жатканынын чоо-жайын иликтеп көрүп, маселени чечүү аракеттери жасала турганына убада берди.

Белгилей кетсек, коронавирус илдети (Covid-19) дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылып, анын кесепетинин 8 миңден ашуун адам набыт болду. Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 6 адам каталды. Алар Сузак жана Ноокат райондорунун тургундары болуп саналат. Ал аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын-алуу чаралары көрүлүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3100

Окшош жаңылыктар