Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Нооруз майрамына карата куттуктоосу

21-03-2020 10:07

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан улустун улуу күнү саналган Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Кылымдардан бери келе жаткан бул майрам биздин элибиздин тарыхый, маданий жана руханий мурасынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Нооруз – табият жаңыланып, жан дүйнө жаңырып, жаңы жашоонун келгенинен кабар берген касиеттүү күн. 

Муундан-муунга аздектелип берилген бул салттуу  майрамда, ар бир үйдө ак дасторкон жайылып, сүмөлөк, чоң көжө баштаган улуттук тамак-аштар даярдалып меймандарга тартууланат.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз татаал мезгилде жашап жатабыз. Ынтымакта, бирге туралы. Жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүп, камкордукка алуу менен бардык тоскоолдукту жеңип чыгарыбызга терең ишенем. Өзүңүздөр жана жакындарыңыздар үчүн кам көргүлө! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы                                                                           Дастанбек Жумабеков

Көрүүлөрдүн саны : 5436

Окшош жаңылыктар