Киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу депутаттар пикирлерин билдиришти

24-03-2020 15:53

Бүгүн, 24-марттагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Төрага Дастанбек Жумабеков кабыл алынган жарлыктын негизинде өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөө менен алардын кошумча милдеттери да киргизилерин белгилеп, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Ошондой эле Төрага Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрелге чейин өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантарын кошумчалады.   

“Дүйнө элинин башына түшкөн оор кырдаал бизди да кабатырлантууда. Бул кыйынчылыкты биз ынтымак жеңип чыгарыбызга ишенем. Андыктан, киргизилген өзгөчө абалды эске алып, ар бир жаран өзүн обочо кармоого аракет кылышы зарыл. Баарыбыз муну түшүнүү менен кабыл алышыбыз абзел”, – деди.   

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов өзгөчө абал айласыздан киргизилип жатканын белгилеп, Өкмөт экономикалык каатчылык маселесин эске алуу менен атайын чараларды көрүшү керектигин билдирди.

Ушундай эле багыттагы пикирге депутат Жанарбек Акаев да кошулуп, кыйын кырдаалда аз камсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү зарылчылыгына токтолду.

Мындан тышкары, депутат Каныбек Иманалиев илдетке байланыштуу келип чыккан каатчылыкка ылайык тышкы карызды төлөөнү убактылуу узартып туруу багытында Өкмөт тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы         

Көрүүлөрдүн саны : 4027

Окшош жаңылыктар