Депутат Айнура Аскарова: - "Дартка кабылган дарыгерлерге психологиялык мотивациялар да берилиши керек"

14-04-2020 14:30

“Чүй аймактык ооруканасына кайрылган  Чүй районундагы айрым үй – бүлөлүк дарыгерлердин борборлору обсервацияда жаткандар областтын аймагына жакын тургандыктан, атайын коргонуу кийимдердин жетишсиздигин айтып тынчсызданышууда. Эл өкүлүнө айттыңар, - деп аларга кысым көрсөтүлбөсө”, - дейт депутат Айнура Аскарова бүгүн, 14-апрелде Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда Саламаттык сактоо министрине суроо жолдоп.

Эл өкүлү ошол атайын кийимдердин сапаттары стандарттарга дал келээр – келбесин да тактады. Бул суроого жооп кайтарып Саламаттык сактоо министри  Сабиржан  Абдикаримов:  - “Атайын кийимдер дарыгерлердин 3 топтогулары (жугуштуу оорулар менен түздөн -түз иштегендер, эпидбригадада иштегендер, лабораторияда иштегендер) үчүн өз – өзүнчө иштелип чыккан. Жалпысынан бюджеттен бөлүнгөн 30 млн. каражаттын 3 млн. 300 миң сомуна зарыл кийим – кечелер сатылып алынган, гуманитардык жардамдар да келип жатат", - дейт.

Депутат ошондой эле, - “Тирүү алып калгыла”, - деген дартка кабылган дарыгерлерге кандай психологиялык мотивациялар берилип жаткандыгына да кызыкты.

Жыйынга тармактык комитеттердин мүчөлөрү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү келип, парламентарийлердин суроолоруна жооп беришүүдө.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 518

Окшош жаңылыктар