Жалал - Абад областынын Аксы районунун калкы да эл өкүлдөрүнүн колдоолоруна ыраазы

21-04-2020 13:50

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, академик Кубанычбек Жумалиев өлкөдө орун алган соңку кырдаалда калктын аялуу катмарына колдоо көрсөттү.

Депутаттын демилгеси менен Жалал - Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын, Ак-Жол, Жаңы-Жол, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Авлетим, Жерге-Тал айыл аймактарынын жана Таш-Көмүр шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө кайрымдуулук иреетинде 1 млн. сомго 25 тонна ун, ошондой эле Авлетим жана Жаңы-Жол айылына 50 миң сомго 2 миң даана беткап таратылды.

Жардам алган элдин тобу парламентарийге ыраазычылык каттарын да жолдошууда. 

Жогорку Кеештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 7253

Окшош жаңылыктар