1985-жылы 15-сентябрда туулган.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Бишкек Жогорку аскердик окуу жайын бүтүргөн жана 2015-жылы Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу Академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу:
2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын Башкы ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери;
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн мобилизациялык иштери боюнча офицери;
2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын Кадр башкармалыгынын уюштуруу-мобилизациялык бөлүмүнүн башчысы;
2012-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн мобилизациялык иштери боюнча улук офицери;
2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын Документтик камсыздоо жана аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн офицери;
2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун Жарандык коргонуу уюштуруу жана жүргүзүү кафедрасынын окутуучусу;
2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын Кадрлар жана мобилизациялык иштери боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2019-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын Кадр башкармалыгынын башчысы;
2021-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.Сыдыгалиевдин кеңешчиси.