1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында туулган;
1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5 орто мектепти аяктаган;
Жогорку билимдүү;
1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Юриспруденция" бөлүмүнө тапшырган;
2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган;
2001-2002-жылдары Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө прокурор;
2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү;
2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы;
2005-2006-жылдары Кыргызстандын башкы прокуратурасынын Уюштурууну камсыз кылуу жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын бөлүмүнүн прокурору;
2006-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары;
2006-2007-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары;
2007-2009-жылдары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору;
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата-Журт" саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.
2011-2013 жылдары "Ата-Журт" парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын кызматын аркалаган;
2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган;
2021-жылы "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
2021-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган;
Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.