Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Алишев Шабданбек Мурзакулович

Алишев Шабданбек Мурзакулович
Алишев Шабданбек Мурзакулович
Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси

1980-жылдын 3-октябрында туулган.

2003-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин аяктаган.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.

2016-жылы Казан улуттук илимий-технологиялык университетинин Жогорку экономика мектебин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси.

I класстагы I катчы (дипломатиялык рангы).

Эмгек ишмердиги:

2003-жылдын августунан 2006-жылдын январына чейин өкмөттүк эмес секторлордо коомдук ишмердүүлүк менен алектенген;

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин жетектөөчү адиси кызматын аркалап, ошондой эле “Оймо” жаштар креативдик студиясы” коомдук уюмунун директорунун орун басары болуп иштеген;

2006-жылдын 25-апрелинен 2007-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн референти;

2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат боюнча тобунун эксперти;

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси;

2011-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде ар кандай кызмат орундарында иштеген;

2022-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Басуу