ТУРСУНБЕКОВ ЧЫНЫБАЙ АКУНОВИЧ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1983 – жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1985–1988-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамын алган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган.

1989-1992-жылдары - КМУУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары;

1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү;

1995-1997-жылдары – Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси; “Манас-1000” мамлекеттик комитетинин алдындагы “Манас дастаны” филиалынын директору; Түркия боюнча “Азаттык” радиосунун кабарчысы.

1997-жылдан 2010-жылга чейин:
- “Акун” ЖАКынын башкы директору;
- “Бишкек ун комбинаты” ААКсынын башкы директору;
- "Кереге" ААКсынын Директорлор кеңешинин төрагасы;
- Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти;
- Кыргыз – түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы.

2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Алган сыйлыктары:
• 1999-жылы - “Жылдын мыкты бизнесмени” наамы;
• 2000-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
• 2003-жылы - “Даңк” медалы (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн).

Кошумча маалымат:
• Филология илимдеринин кандидаты;
• Пицундада өткөн (1989-ж.) Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты.
• СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
• Ч.Айтматов Академиясынын академиги.
• «Жүрөктөгү жаңырык» (1985-ж.), «Шаарда жоголгон сөз» (1993-ж.), «Жалын тоо» (2014-ж.) деген үч поэтикалык жыйнактын автору.
• «Манас» эпосу боюнча үч тилде чыккан түстүү альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу.
• Түрк тилинен кыргызчага Нихат Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын жана «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» аттуу эки томдукту которгон.
• Мезгилдүү басма сөздө ар түрдүү адабий жана сын макалалары жарык көргөн.