Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Өмүрбек Текебаев: “Борбордогу эскилиги жеткен турак-жайлардан арылуу үчүн саясый эрк гана керек”

18-06-2016
12:26

“Жарандарды турак-жай менен камсыздоо боюнча Өкмөттүн стратегиялык программасы болуш керек. Бирок, ал дээрлик жок. Архитектуралык өнүгүүнүн баш-аламандыгы да көрүнүп турат. Бул - жер тилкелеринин туш келди сатылып кеткендигине байланыштуу. Мындай көрүнүш Бишкек шаарынын чет жакаларында эле эмес, борбордук бөлүгүндө да таасын байкалууда. Заманбап курулган көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегинде чатыры кыйшайган, 1930-жылдары салынган  бийиктиги 2 метрге жетип-жетпеген жепирейген тамдар бар. Алар борбордун архитектуралык  келбетин бузууда.  Мындан  арылуу үчүн саясый эрк гана керек. Ошон үчүн биз бир канча депутаттан турган топ “Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап олтурабыз”,- дейт демилгечи депутаттардын бири, “Ата -Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев  16-июнда “Парламент” радиосуна курган маегинде.»»»