Самигуллина Альфия Эльдаровна — өмүр баяны

17-02-2017 14:41

Альфия Самигуллина 1968-жылы 2-февралда Фрунзе шаарында туулган.

Билими:

1993 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун (КММИ) дарылоо факультетин бүтүргөн;

1995 — КММИнин №1 акушердик жана гинекология кафедрасынын базасындагы клиникалык ординатураны акушер-гинеколог адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолу:

1985 — КММИнин физиология кафедрасында лаборант;

1995-2004 — №2 поликлиникада акушер-гинеколог дарыгери болуп иштеген. (2000-жылы ал иштеген ҮВТ №2 ҮМБ болуп кайрадан аталган).

2004-2014 — №6 ҮМБда гинеколог-эндокринолог;

2008-2014 — Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин өспүрүмдөр боюнча башкы врачы;

2010-2014 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча өспүрүмдөр медицинасы курсунун башчысы;

2014 — КММАнын кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо (КММИӨ жана КК) боюнча "Акушердик, гинекология жана репродуктология", Кыргыз-орус славян университетинин (КРСУ) "Коомдук ден соолук жана саламаттык сактоо" (айкалыштырып иштөө) кафедраларынын доценти;

2015 — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун (ЭБКУБ) улук илимий кызматкери;

01.04.2015 — 03.12.2015 — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭБКУБ) уюштуруу-усулдук иштер боюнча директордун орун басары;

2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына Кыргызстан Социал-демократтар партиясынан депутат;

Илимий наамдары:

Жогорку категориядагы врач, медицина илимдеринин доктору.

Сыйлыктары:

2007 — медицина, илим, билим берүү номинациясы боюнча "Жылдын адамы" ардактуу диплому;

2008 — Саламаттык сактоо министрлигинин "Саламаттык сактоонун отличниги" төш белгиси.

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.



Дагы: https://sputnik.kg/reference/20180217/1037785134/samigullina-alfiya-ehldarovna-omur-bayany.html

Количество просмотров : 487