Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Махабат Мавлянова, ЖКнын депутаты: “Бизнесте жүргөн күндөрүм эле сонун болчу экен...”

10-01-2016
10:17

Ишкердиктин, саясаттын, үй-бүлөнүн түмөн түйшүгүн мойнуна алып үч тармакты тең бирдей жөндөгөн аялдын түйшүгү арбын экени баарына белгилүү. Андай болсо дагы эки тизгин, бир чылбырды бекем кармап келе жаткан айымдардын бири – “Алтын Казына” ресторанын, “Мэриотель” кафесин, клуб, беш жылдыздуу мейманкананы түптөгөн, учурда жаңыдан гана депутаттык милдетти моюнга алып эл кызматына аттанган «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова. Бул инсан менен саясаттан четтеп, аял катары маектештик.

– Махабат Эргешовна, ийгиликтүү бизнесте жүрүп саясатка аттанып калганыңызга эмне себеп болду?

– Бизнесте 20 жылдай жүрдүм. Жумуш орду менен туугандарымды эле эмес, көп адамдарды камсыз кылдым. Алгач саясатка барам деген ой менде таптакыр жок эле. Бирок эмнегедир шайлоого аз калганда жалпы эл үчүн да кызмат кылсам деген тилек жүрөгүмдү ээлеп алды. Кудайдын буйругу менен элдин ишенимине арзып өз аймагыман шайланып калдым. Ар бир ишке ашкан ийгилик жөн жерден болбойт. Эл мага ишеним көрсөткөн үчүн эл өкүлү болуп олтурам. Андыктан эми колдон келишинче элге кызмат кылсам деген тилектемин.

– Айрымдар “бизнесмендер саясатка өз бизнесин коргоо үчүн аттанат” дешет. Сиз буга кошуласызбы?

– Менин оюмча, биздин өлкөдө бизнес жасаганга эң сонун шарттар бар. Мен жогорудагыдай көз караштарга такыр кошулбайм. Ошондой эле Жогорку Кеңешке өзүмдүн бизнесимди коргосом деген максатта келген жокмун. Негизги максатым - элге жардам берүү, жакшы жашоолоруна жол ачуу, эл үчүн ак кызмат, адал эмгек жасоо.

– Учурда мойнуңузга мурдагыдан да чоң жоопкерчилик артылганын сезип жатсаңыз керек?

– Ооба, туптуура таптыңыз. Ойлонуп кечээки эле күнүмдү бир кылчайып карасам, бизнесте жүргөн күндөрүм сонун болчу экен. Азыр болсо элдин алдында менин чоң жоопкерчилигим турганын баамдап ар бир кадамымды терең ойлонуу менен жасоо керек экенин түшүнүп жатам. Бизнесте туура эмес чечим кабыл алсаң, жеке өзүңдүн чөнтөгүң эле жабыркайт. Ал эми бул жерде жалпы элдин мүлкү, элдин үмүт-тилеги турат.

– Буга чейин туулуп-өскөн жериңизге кандай кызматтарды көрсөтө алдыңыз? Сизди “өз айылынан жардамын аяган эмес” дешет.

– Ооба, колумдан келишинче жардам берем. Бирок “тигини жасадым”, “муну минттим” деп милдет кылгым келбейт. Башкысы ал жардамдарым элимдин пайдасына болсо деген ниеттемин.

– Сизге тиешелүү атактуу бир топ коомдук жайлар бар. Мындай белгилүү кафе-ресторан, клуб, мейманкананы түптөө аял киши үчүн убагында кыйын эле болгондур?

– Бала чагымдан эле дилгир болчумун. Сегиз бир туугандын эң эле иштерманы, эмгекчили мен болсом керек. Кичинемден бирди эки кылып, экини төрт кылганга маш элем. Мектепти аяктап, Политехникалык окуу жайдын тамак-аш, өнөр-жай факультетинде окуп жүрүп үйдөн пирожки жасап алып танапис маалында студенттерге сатчумун. Үй-бүлөлүк жашообуз жаңыдан башталганда Горький-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичинекей базарда майда-чүйдө сатып отуруп маңдайыбыздагы кафеден кирип-чыккан элдин агымын көрүп “мен да ушундай кафе ачсам” деп кыялданар элем. “Жаштын тилегин берет” дегендей, ал кыялдарым орундалды. Соодадан чогулткан акчама “Мэри” кафеси менен клубдун ордундагы жер тилкесин сатып алып чоң бизнеске кадам таштаганбыз. Кийинки бизнестерим ошондон уланып отуруп түптөлгөн.

– Үй-бүлөңүз туурасында айтып берсеңиз.

– Үч кыздын энесимин. Эки кызым чет мамлекетте окуп жогорку билим алып жатышат. Кичүү кызыбыз өзүбүз менен. Жолдошум болсо адамгерчилиги бийик адам. Өзүмдү эң бактылуу аял катары сезем.

– Саясатка аттанганыңызда жолдошуңуз каршы болгон жокпу?

– Башында каршы болгон. Бирок кийин бат эле мени колдоп, кеп-кеңешин аябай көмөк көрсөтүп саясаттагы эң алгачкы жөлөгүм жолдошум болуп калды.

– Байлык, бийлиги бар адамдар өздөрү теңдүү адамдардан куда-сөөк күткөндү жактырышат. Эгер кыздарыңызга бай адамдардан куда түшсө, кандай чечим кабыл алар элеңиздер?

– Куда-сөөктүн бийлик, мансабына карабайм. Мен үчүн бул критерий эмес. Байлыктан байбы, бийликтен мансаптуубу же бай эмес, катардагы адамбы, айтор, эң негизгиси ички дүйнөсү бай болсо, мен үчүн ал адам баалуу. Башкысы жакшы адам деген статуска ээ болсо, күйөө бала боло турган адамды кыздарым сүйүп жактырса, мен эч убакта алардын тандоосуна каршы чыкпайм. Кыздарымдын бактылуу болушун гана тилейм. Бакыт байлыкта эмес, бири-бирин сыйлап урматтоо менен өмүр сүрүүдө.

– Көп учурда бизнес менен алек болдуңуз. Андайда үй жумуштарына убакыт жетпей калат. Үй жумушчу жалдаган учуруңуз болгонбу?

– Бизнесте жүргөн 20 жыл ичинде мен эркек сыяктуу эле жүрдүм десем жаңылышпайм. Кыздарым төрөлгөндө башка энелер сыяктуу үйдө көп убакыт олтурган жокмун. Бешиги менен машинама салып алып жумушка ала кетчүмүн. Кудай буйруп эми деле балалуу болуп калсак, үйдө көп олтура албасам керек деп калам. Иштин көптүгүнөн чындап эле үй жумуштарына убакыт жетпегендиктен үй жумушчу алганга туура келет.

– Эл көзүндө жүргөн айым өң-келбетине көңүл бурушу шарт. Кайсы салондун кызматына муктажсыз?

– Соня Баранникова деген жакшы чач жасалгалоочу мастерим бар. Ал эми макияжды өзүм жасаганды жакшы көргөндүктөн өзүм боёном. Ошондой эле өң-келбетиме көбүнчө үйдөн кам көрүп табигый каражаттардан маска жасап турам.

– Ийгиликтүү карьерага жетүү үчүн кандай сапаттардын арбын болушу шарт? Ийгилик сырларынан бөлүшө кетсеңиз.

– Мен ийгиликке жалаң өз аракетим менин жетиштим. Ийгиликти багындыруу үчүн жалкоолукту артка таштоо зарыл. Талыкпаган аракет, кайда жүрбө, изденүү, талпынуу жана чечкиндүүлүк, күчтүү эрк керек.