Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-фазасын ишке ашырууда жалпы коомчулуктун коопсуздугун да эске алуу менен орнотуу зарыл

24-10-2019
12:54

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-фазасын ишке ашырууда жалпы коомчулуктун коопсуздугун да эске алуу менен орнотуу зарыл. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Айтымында, “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилгенден бери жол кырсыктары азайган.

“Жакында бизнесменди уурдап өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, аны “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видеокамералардын жардамы ачышыптыр. Демек, бул долбоор жол коопсуздугун эле сактабастан, кылмыштарды ачууга көмөк көрсөтөт экен. Ошондуктан аталган долбоордун 2-фазасын ишке ашырууда видеокамераларды жол коопсуздугун сактоого гана ылайыктабастан, коомчулукун коопсуздугун да эске алуу керек”,-деди эл өкүлү.