Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Уран, торий кендерин изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салууга байланышкан Мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды

04-11-2019
17:51

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча добуш берүү болду.

Бул Мыйзам долбоорун “Бир Бол” парламенттик фракциясынан 3 депутат - Алтынбек Сулайманов, Мыктыбек Абдылдаев, Бактыбек Турусбеков демилгелеп чыгышкан.

Демилгечилердин айтымында, уран сындуу радиоактивдүү заттардын адамдардын ден-соолугуна жана экологияга тийгизе турган терс таасири чоң. Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан кутула албай жатып, жаӊы кендерди ачуу андан бетер коркунучтуу. Ошондон улам, депутаттар тобу тарабынан радиоактивдүү заттарды иштетүүгө багытталган Мыйзам долбоору иштелип чыккан.

Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында уран, торий аралашкан кендерди изилдөөгө, чалгындоого, иштетүүгө жана сырттан алып кирүүгө тыюу салынат.

Мыйзам долбоорун 110 депутат колдоду.