Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Ишкерлерди коргоп, салыктарды кайра карап чыгуу зарыл

04-11-2019
17:53

Ишкерлерди коргоп, салыктарды кайра карап чыгуу зарыл. Бул тууралуу “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов тармактык комитеттин жыйынында 2020-жылдын бюджети каралып жаткан учурда билдирди.

Бюджеттин негизги бөлүгү ишкерлер төлөгөн салыктан түзүлөт. Ошондуктан мамлекетти багып жаткан ишкерлерди колдошубуз керек”,-деди эл өкүлү.

Ошондой эле учурда ишкерлер текшерүү органдары чектен чыгып кеткенин айтышып, арызданып жатышканын кошумчалады.

Укук коргоо органдары ишкерлердин укуктарын кордобой, аларды коргош керек. Мыйзамдар аларга каршы иштебеши керек, салыктарды кайра карап чыгуубуз зарыл”,-деди А.Сулайманов.