Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Исхак Пирматов: ИИМдин айрым ыкчам кызматкерлердин айынан жарандар өлкөдөн чет жакка чыга албай калып жат

21-11-2019
12:56

“Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Исхак Пирматов ИИМдин айрым ыкчам кызматкерлердин айынан жарандар өлкөдөн чет жакка чыга албай калып жатканын билдирди.

Айтымында, козголо элек кылмыштын алкагында күбө катары гана өтүп жаткан жарандардын өлкөдөн чыгарылбай жатканы боюнча фактылар бар. Аларга тергөөчүлөр тарабынан эмес, ыкчам кызматкерлер тарабынан чектөө коюлуп жаткан учурлар кездешет.

Эл өкүлү бул көйгөйгө көңүл буруп, тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо керектигин кошумчалады.