Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

М.Абдылдаев: "Жетекчи өз ыктыяры менен отставкага кетүүгө даяр болушу керек"

21-11-2019
13:00

Отчету канааттандырарлык эмес болуп калган жетекчи өзү арыз жазып, жумуштан кетиши керек. Бул тууралуу “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

2 алган окуучу кийинки класска көччү эмес да. Иштей алган жокпу, мыйзамды аткара алган жокпу, коомчулукту алдап койдубу, анда ал адам отставкага кетиши керек. Ошондуктан жетекчи болуп иштеген чоң кызматтагы адамдар ушундай кадамдарга даяр болуш керек. Албетте, бул оор кадам. Бирок, ушул маселени тыкыр караш керек. Бирок баарыбыз эле кетет экенбиз. Азыр тарыхта биринчи жолу өз ыктыяры менен кызматтан кетти деп жазып жатышат. Андай нерсе далай эле болгон. Мен да далай жолу отставкага кеткем, унутулуп калат экен да”,-деди Абдылдаев.