Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Депутаттын демилгеси менен Нарын облусундагы Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма жолун оңдоо иштери башталды

21-11-2019
13:02

Депутаттын демилгеси менен Нарын облусундагы Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма жолун оңдоо иштери башталды. Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондоруна алып барган бул жолдун абалы начар экени тууралуу “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече жолу маселе көтөргөн. Натыйжада 7 млн 100 миң доллар бөлүнүп, оңдоо иштери башталды.

Нарын районунун тургундары менен жолугушуу учурунда оңдоо иштери башталганына эл өкүлү Алмазбек Акматовдун салымы зор экенин айтышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, 35 чакырым жолдун 12 чакырымы асфальтталган. Калган 23 чакырымы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо долбоорунан үнөмдөлгөн каражатка жасалууда.

Ошондой эле депутат Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу керектиги тууралуу маселени бир нече жолу көтөрүп келген. Натыйжада “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 9 млн 201 миң сом бөлүнүп, аталган айылда резервуар, тарнсформациялык подстанция курулду.