Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Депутат Ош жана Баткен облустарында чек арага жакын жайгашкан эл ыңгайсыздыкты жоюп берүүнү суранып жатканын айтты

21-11-2019
13:03

Депутат Дүйшөн Төрөкулов Ош жана Баткен облустарында чек арага жакын жайгашкан эл ыңгайсыздыкты жоюп берүүнү суранып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Эл менен болгон жолугушууларда чек арага жакын жайгашкан, коңшулаш ѳлкѳлѳр менен соода-сатык кылып күн кечирген бир топ жарандарыбыз өкмѳткѳ арыздарын жеткирип коюуну ѳтүнүштү. Жергиликтүү тургундардын айтымында, элибизге күнүмдүк керектелүүчү ар түрдүү жер-жемиштерди мезгил-мезгили менен бири-биринен алып-сатып жан багып келишет. Учурда алардын саны миңдеп саналат жана кѳпчүлүгү салык тѳлѳѳчүлѳр. Тез бузулуучу айыл-чарба азык-түлүктѳрүн ЕАЭБдин талабы боюнча, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан рефрижератор, термобудка менен гана ташуу нормасы киргизилген.

Азыркы учурда талапка ылайык, рефрижератор, термобудкалардын жетишсиздигинен улам, суткалап кезек күтүүсүнѳ жана кызмат акысы кымбат болгондугуна байланыштуу ыңгайсыздыктар жаралып, жер-жемиштер коңшулаш ѳлкѳлѳргѳ караганда бизде баасы айырмаланып, ошондой эле кээ бир атайын кызмат ѳкүлдѳрү жаңы нормаларга таянып, коррупциялык иштерге барышууда.

Ошол себептен, Ош жана Баткен облустарында чек арага жакын жайгашкан эл ыңгайсыздыкты жоюп берүүнү жана ушул нормалар үчүнчү мамлекетке жѳнѳтүлгѳн айыл-чарба товарларына гана каралышын суранышууда. Бүгүнкү күндѳ өкмѳт чек арага жакын жайгашкан, ѳзгѳчѳ макамы бар аймактардын шарттарын жакшыртуу талабын аткарышы керек. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ѳсүмдүктѳрдүн карантини департаментинин жетекчилиги менен жеке байланышкандан эч кандай майнап чыккан жок. Бул маселени өкмѳт башчыга жеткирип, биргелешип чечип берсек, элибизге бир топ жеңилдиктер түзүлмѳк", - дейт депутат.
https://www.super.kg/kabar/news/287785/