Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Алтынбек Сулайманов Айэркен Саймаити боюнча убактылуу комиссия түзүүнү сунуштады

21-11-2019
13:06

“Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда өлтүрүлгөн кытай жараны Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча убактылуу комиссия түзүүнү сунуштады.

Депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Бул жерде алаксытуучу маневр болуп жатат. Кандайдыр бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, кыргыз паспортун кантип алган, кыргыз дипломатиялык машинасында кантип жүргөн, ал ким менен жакын, ким менен душман болгонун иликтеш керек”,-деди эл өкүлү.

Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев жана Төрөбай Зулпукаров да колдошту.