Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Ормонов: "Өзгөн районунун Ак-Кыя айылында окуучулар 1932-жылы салынган мектепте окуп жатышат"

24-12-2019
14:54

Өзгөн районунун Ак-Кыя айылында окуучулар 1932-жылы салынган мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов ЖКнын жыйынында билдирди.
Айтымында, аталган айылдын тургундары 2 жылдан бери тиешелүү жерлерге кайрылышканы менен, эч кандай майнап чыккан эмес.

“1932-жылы курулган мектепте балдардын билим алып жатканы Кыргызстанда сейрек кездешсе керек. 2004-жылы эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган мектепте окууга болбойт деген тыянак чыгарган. Учурда окуучулар ашар жолу менен салынган корпуста 3 смен менен окуп келишет. 2020-жылы жаңы мектеп куруп берүүгө аракет кылыңыздар”,-деди Ормонов Өкмөт өкүлүнө кайрылып.