Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Эрмамат Тагаев бала бакчаларды жана мектептерди курууга бөлүнгөн каражаттарды туура пайдалануу жолун айтып берди

24-12-2019
14:55

«Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаты Эрмамат Тагаев бала бакчаларды жана мектептерди курууга бөлүнгөн каражаттарды туура пайдалануу жолун айтып берди.

Эл өкүлү мектептерди куруу жай жүрүп жатканын белгилеп, бала бакчаларды, билим уяларын куруу үчүн каражат жетиштүү бөлүнгөнү менен иш саясаты туура эмес жүрүп жатканын кошумчалады.

“2020-жылы Нарын, Баткен жана Талас облустарындагы, 2021-жылы Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы, 2022-жылы Ош жана Чүй облустарындагы мектептерди, бала бакчаларды толугу менен бүтүрүү керек. Ошондо бюджеттин акчалары эффективдүү пайдаланылат. Курулуш сапаттарын да көзөмөлдөө алда канча жеңил болот”,-деди ал.

Депутат Эрмамат Тагаев Нарын облусунда кыш катаал болгондуктан, ал эми Баткен облусу борбордон алыс жайгашып, ички миграция күчөп жаткандыктан алгач ушул аймактарга көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.