Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Ысык-Көл облусунун 80 жана Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленди

24-12-2019
14:56

20-декабрда Ысык-Көл облусунун 80 жана Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу маараке менен катар илимий конференция өтүп, Каракол шаарынын кире беришинде жети акенин элеси түшүрүлгөн эстеликтин ачылышы болду. Иш-чарага депутат Бактыбек Турусбеков катышты.

Облус тургундарын куттуктаган эл өкүлү жаштардын идеяларын колдоого даяр экенин билдирди. Ошондой эле облустун экологиясын сактай турган бир катар Мыйзам долбоорлорун демилгелеп жатканын кошумчалады.